Редакцияот 15.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2020-жылдын 15-июну № 25

Баткен шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы 225,7 га өлчөмүндөгү жер  участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү 2013-жылдын 15-июлдагы №145 Мыйзамынын 7-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 4-июндагы № 7 протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2020-жылдын 29-майындагы №02-6/248 катынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги  XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы 225,7 га өлчөмүндөгү жер  участоктору “көп жылдык бак өстүрүүгө” которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Примкулов/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков