Редакцияот 15.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2020-жылдын 15-июну № 26

Баткен шаарынын И.Жусупов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин балансасындагы  98.8м2 жер аянтын аукцион менен сатылууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 Мыйзамынын  31-беренесинин 1;5-пункуттарына, Кыргыз Республикасынын Муниципалдык менчикти башкаруу Мыйзамына, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш круу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 3-июндагы №8 протоколуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2020-жылдын 17-февралындагы №02-6/80 катына  ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын И.Жусупов көчөсүндөгү муниципалдык менчиктин балансасындагы 98.8м 2 жер аянтын аукцион менен сатылууга макулдук берилсин.

2.Аукцион аркылуу жер аянтын мыйзам ченеминде сатылуусун жүргүзүү жагы Баткен шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын

3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков