Редакцияот 15.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2020-жылдын 15-июну № 28

Баткен шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин органы болгон “Өрүкзар” коомдук-саясий гезитин өзүн-өзү каржылоочу мекемеге өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө №101 Мыйзамынын 2-пункуттун 1;5;9-пункутчаларына жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-июндагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 12-июндагы №01-21/569 чыгыш катынын негизинде  Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги  XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Баткен шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин органы  болгон “Өрүкзар” коомдук-саясий гезитин өзүн-өзү каржылоочу мекемеге өткөрүүгө макулдук  берилсин.

  1. “Өрүкзар” коомдук-саясий гезити өзүн-өзү каржылоочу мекеме болуп Баткен облустук юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлсүн.
  2. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Ташбеков