Редакцияот 07.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын XXVIII  сессиясы

 2020-жылдын 7-октябры № 122

Торкен чоӊ суусунун жээгине гидрологиялык байкоо жүргүзүүчү пост куруу жөнүндө

Торкен чоӊ суусунун жээгине гидрологиялык байкоо жүргүзүүчү пост куруу жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов  айылдык кенешинин VIII чакырылышынын  XXVIII сессиясы карап жана талкуулап

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Торкент чоӊ суусунун жээгине гидрологиялык байкоо жүргүзүү үчүн пост курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Жерге тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы  айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Э. Жуматаевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин  төрагасынын орун басары

К. Тууганбаев