Редакцияот 30.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 2020-жылдын 30-июну № 115

Абды Суеркулов айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө Жобону бекитүү

Абды Суеркулов айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы карап жана талкуулап

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Торкен айылындагы Торкен суу насостук станциясына Байдалиев Акбардын ысымы берилсин.

2.  Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

3. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.

4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Төрага

У.Бучуков