Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2010-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин этап-этабы менен ишке ашыруу жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле жергиликтүү сотторду тийиштүү материалдык-техникалык, финансылык камсыз кылуу боюнча жоболорду тактоо, аларды бири-бирине мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 10-пункттун бешинчи абзацындагы "экинчи, үчүнчү абзацтар" деген сөздөр "экинчи абзац" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жарлыктын аталышы жана бүткүл текст боюнча "мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөрдөн мурда ар кандай жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, Сот департаменти жана" деген сөздөр менен толукталсын";

- жогоруда аталган Жарлыктын текстинин 12-пункту мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: