Редакцияот 08.10.1993
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

УКАЗЫ

1993-жылдын 08 октябры ПЖ № 294

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 26-июнундагы «Манас» эпосунун 1000-жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү» Указына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 26-июнундагы «Манас» эпосунун 1000-жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү» Указы менен бекитилген «Манас» эпосунун 1000-жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын

 Абакирова О.А. – Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысы.

Муралиева А.М. - Кыргыз Республикасынын мурдагы экономика жана финансы министири

Осмонова Б.О. – Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын мурдагы башчысы

Сарыгулова Д.И – Талас областык мамлекеттик администрациянын мурдагы башчысы

Шаршенбаева М.С - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык-маданият мекемелер бөлүмүнүн мурдагы башчысы

Казакова Т.Т - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик телерадиоагенствосунун мурдагы директору

 «Манас» эпосунун 1000-жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин курамына төмөнкүлөр киргизилсин

Какеева А.Ч – Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министри

Шакирова К.Ш - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри

Тагаева А.А – Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын башчысы

Касымова Т.К – Талас областык мамлекеттик администрациясынын башчысы

Ибраимова Ж.И – Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы

Касымбекова Т – Кыргыз Республикасынын Жогорку ,Кенешинин билим берүү, маданият, тил жана улут аралык мамилелер, спорт, туризм, жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

Шаршеева Ш.Ш - "Манас" эпосунун 1000-жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору

Айтматова А.Ч – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары

Өмуркулова К.О - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниясынын президенти

Карыпкулова А.К. – Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору

Кондучалову К.К. - Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы

Жусупбекова А.К. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын улуттар аралык мамилелер секторунун башчысы уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Акаев