Редакцияот 16.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ                Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө      Республиканын пенсионерлеринин  турмуш дењгээлин колдоо максатындатоктом кылам:     1. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып:     - "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"  КыргызРеспубликасынын   Мыйзамына  ылайык  дайындалган  пенсиялардын  базалыкбөлүгү жогорулатылсын жана ал 530 сом өлчөмүндө белгиленсин;     - "Мамлекеттик  пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык 2008-жылдын 1-октябрына  чейин  дайын-далган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 17 пайызга жогорулатылсын.     2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пен-сионерлерге  компенсациялык  төлөмдөр  жөнүндө"  Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык  белгилен-ген  компенсациялык  төлөмдөрдүн  өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыкканпенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.     3. Кыргыз  Республикасынын  Социалдык  фонду  ушул Жарлыкка ылайыкбелгиленген тартипте:     - "2008-жылга  Кыргыз  Республикасынын  Социалдык фондунун бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана  толуктоо-лорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иш-теп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;     - пенсияларды   өз  учурунда  кайра  эсептөөнү  жана  аларды  жањыөлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.     4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев