Редакцияот 26.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII чакырылышынын 18-сессиясынын

 

2018-жылдын 26-ноябры №13

 

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдмк укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине таянып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айылдык Кенешинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Р.Шаймолдоева