Редакцияот 04.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи шайланган 15–сессиясы

 

2019-жылдын 04-июлу №15/3

Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-Үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү бааларды бекитүү жөнүндө

Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-Үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү бааларды бекитип берүү жөнүндө жазган арызы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү баалар төмөндөгүчө белгиленсин: кайра бөлүштүрүү фондундагы 15,0 гектар суулуу жер аянтынын 1 гектарына 5 000 (беш миң) сомдон, шарттуу суулуу 33,5 га жер аянтынын 1 гектарына 3 000 (үч миң) сомдон акча каражаты төлөнөрү бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

Б.Акимов