Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Ак-Таш айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи шайланган 16–сессиясы

 

2019-жылдын 02-октябры №16/2

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, Ак-Таш айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Балдар бакчаларына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взностун көлөмү жогорулагандыгына байланыштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн атайын счетунан (14232400 элементинен), чыгаша бөлүгүнө тармагы 70911, 2218 статьясына 250,0 миң (эки жүз элүү миң ) сом кошумча планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

Б.Акимов