Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи шайланган 16-сессиясы

 

2019-жылдын 02-октябры №16/3

Ак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы “Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндөгү ” №21\5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Таш айыл аймагында туруктуу жашаган тургундарынын жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү арыздарын карап чыгып, талкуулап, турак жайга болгон муктаждыктарын канаттандыруу жана Ак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы “Ак-Таш айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө” № 21\5 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,13,32-беренелерине ылайык Ак-Таш айылдык Кенеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Ак-Таш айыл аймагындагы тургундарга жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүү максатында Ак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 9-сентябрындагы №21\5 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: Ак-Таш айыл аймагынын Отуз-Адыр (Беш Үй) участкасындагы № 14 контурдагы 12,10 га, № 39 контурдагы 23,60 га, № 45 контурдагы 40,30 га кайрак айдоо жалпысынан 76,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү ” мыйзамынын талаптарына ылайык керектүү иш кагаздарын карап чыгып, бекитип берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы

Б.Акимов