Редакцияот 13.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Биринчи Май айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XХII сессиясы

 

2019-жылдын 13-сентябры №88

“Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор сынагына катышуу жөнүндө”

Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн долбоордук табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгына байланыштуу, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы

 

Токтом кылат

1.    Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор конкурсуна жиберилген 4500,0 миң сом суммасындагы “№ 4 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу” долбоору бекитилсин.

2.    ФЭБ башчысы Н.Б.Джумагуловага 2020-жылдын бюджетин түзүүдө “№4 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу долбоору боюнча 22,2% кош каржылоого 1000,0 миң сом суммасындагы акча каражатын бөлүүнү караштырсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Бакировго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Дунганов С.У.