Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-декабры № 119/XXXIV - 8

 

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019-жылдын атайын эсебинин бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө

 Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шарынын мэриясынын 2019-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019 – жылынын киреше бөлүгүнө ашык пландуу финансылык каражаттардын келип түшүүсүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019 – жылынын атайын эсебинин - 369,4 миң сом суммасында бош калдыктарын төмөндөгү иш-чараларды каржылоого уруксат берилсин:

1) Кайыңды ш. Мэриясынын алдындагы «ММБ» бөлүмү:

 2231 - беренесине электр энергиясы үчүн акы – 9,2 миң сом

 2) «Бала бакча» бөлүмү 2218 – азык түлүк сатып алуу- 118,7 миң сом 2222 - беренесине (башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу)  - 241,5 миң сом

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Мокешов