Редакцияот 13.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын XXXIII сессиясынын отуруму

 

2020-жылдын 13-майы № XXXIII-5

Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 706-бөлүмдүн 2512 беренесине-488 000 (төрт жүз сексен сегиз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров