Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

 

2020-жылдын 24-январы № 3

 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М Кулматовдун 2019-жылы аткарган иштери жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун 2019-жылы аткарган иштери жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М Кулматовдун 2019-жылы аткарылган жумуштары жөнүндө берген отчету канатандыраарлык деп табылсын.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров