Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

 

2020-жылдын 24-январы № 7

 Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Жумуков Маматжанды Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” наамына көрсөтүү үчүн сунуштоо жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун , Жумуков Маматжанды “Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” наамына көрсөтүү үчүн сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Жумуков Маматжандын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек

сиңирген кызматкер”наамына көрсөтүү сунушталсын.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров