Редакцияот 24.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

 

2020-жылдын 24-январы № 9

Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Малай айылындагы Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп)

курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына негиздеп, Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI сессиясына Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп) курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселе-ни угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Долбоор приоритеттүү деп табылсын.

2.    Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп) курууга өнүктүрүү фондуна долбоорлор жазылып тапшырылсын.

3.    Долбоорду жазуу,тапшыруу,акча каражатын табуу,бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

4.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров