Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 3

Жаны-Жол айыл аймагындагы Комсомол айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо жаралган тосколдуктарды жоюуу жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Тектир айылын жана Кара-Булак, Төрт-Там, Уй сарай участкалары Ислам өнүктүрүү банкынан каржыланган “Ала-Тоо булагы” долбору аркылуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Живпром учсаткасынан Комсомол айылына чейинки Бишкек-Ош автоунаа жолу боюнан суу түтүктөрдү өткөрүү боюнча бекитилген чиймеге ылайык жаралып жаткан тоскоолдуктарды жоюуу максатында Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Живпром учсаткасынан Комсомол айылына чейинки Бишкек-Ош автоунаа жолу боюнан суу түтүктөрдү өткөрүүдө жаралган тоскоолдуктарды жоюуу максатында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы түзүлсүн.

2.    Бекитилген чиймеге ылайык тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылсын.

3.    Бекитилген чиймеге ылайык туш келип калган жерелердин менчик ээлерин тактап берүү жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жер адиси Д.Маткеримовго жүктөлсүн.

4.    Кыйылган бак-дарактар социалдык шарты оор болгон жарандарга, кары-картаңдарга жана башка муктаж жарандарга берилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

6.    Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Өзүбеков