Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 4

Комсомол айылындагы Жаңы-Жол айыл аймагына карштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун Комсомол айыланан тартып Арал айылына чейинки аралыгына маркум Молдалиев Тажибайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 3-февралдагы № 1 чечими эске алынсын (Чечим тиркелет).

2.    Комсомол айылындагы Жаңы-Жол айыл аймагына карштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун Комсомол айыланан тартып Арал айылына чейинки аралыгына маркум Молдалиев Тажибайдын ысымы ыйгарылсын.

3.    Молдалиев Тажибайдын ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Өзүбеков