Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)  кезектеги ХХIХ сессиясы

 

2019-жылджын 26-декабры № 75

Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 12.11.2019-жылдагы 02-1/987 - катын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

 

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)

кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына толуктоо киргизилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын.

3.    Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5.    Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов