Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХIХ сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 76

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Тогуз-Торо  районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунушту кароо жөнүндө

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)

кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Районубузда билим берүү тармагына кошкон зор салымдары жана педогогикалык кесиптеги көп жылдан берки жетишкен ийгиликтери үчүн Макенбаева Рыскүл, Масиров Шайымбет Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.

2.    Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов