Редакцияот 26.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХIХ сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 77

 Каргалык айыл аймагынын Каргалык айылдык кеңешин юридикалык каттоодон өткөрүү жөнүндө

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)

кезектеги ХХIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Каргалык айылдык кеңеши Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгынан юридикалык жак болуп мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

2.    Каргалык айылдык кеңешинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Ж.Акимбаев көчөсү № 81.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов