Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

2020-жылдын 28 январы № 195

 

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2019-жылдан калган калдык каражаттарды  бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2019-жылдан жергиликтүү бюджетте калган (негизги счетто1673,3 миӊ сом, атайын каражат счетунда(спец.счет) 1 025,8 мин.сом. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2019-жылдан калган калдык каражаттарды, 2020-жылдын бюджетинде жумшоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу кучуно кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл –Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Сагынбеков