Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2020-жылдын 28-январы № 196

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин штаттык курамы жөнүндө.

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин штаттык санын 2020 жылга жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен штаттык бирдигин өзгөртүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айыл статусу болуп, аралыктары айыл өкмөт жайгашкан айылдын жакындыгына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 52-беренесине ылайык үч айыл башчы штаттык саны киргизилсин.

3.    Кызыл-Өзгөрүш айыл окмотундо аскерге чакырылуучулардын санына ылайык учтон ашпаган ВУС кызматкерлеринин штаттык саны киргизилип жаш курагы эске алынсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу кучуно кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл –Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Сагынбеков