Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 203

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү, Типтүү Уставдын материалдарын карап чыгып,

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставы бекитилсин.(Типтүү Уставы тиркелет)

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) курамы бекитилсин “Коомдук алдын алуу борборунун” уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

3.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Коомдук алдын алуу борборуна”,(мындан ары КААБ) мөөр, штамп алууга уруксат берилсин жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин .

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Кызыл–Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Сагынбеков