Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 205

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык –экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин боюнча айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

Токтом кылат:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчеми бекитилсин.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл –Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Сагынбеков