Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 134

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген«Коомдук алдын алуу борборунун»,(мындан ары КАБ)Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун» (мындан ары КАБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү, Типтүү Уставдын материалдарын карап чыгып, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

Токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун», (мындан ары КАБ) Типтүү Уставын бекитилсин. (Типтүү Уставы тиркелет)

2.    Ничке-Сай айыл аймагында «Коомдук алдын алуу борборунун», (мындан ары КАБ) курамы бекитилсин «Коомдук алдын алуу борборунун» уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

3.    Ничке-Сай айыл аймагында «Коомдук алдын алуу борборуна», (мындан ары КАБ) печать, штамп алууга уруксат жүктөлсүн.

4.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Эрмекбаев