Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 137

Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылыиштеринин аткарылышы жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

Токтом кылат:

1.    Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.

2.    Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Эрмекбаев