Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 139

ЖТИ №30 ишканасынын кышка карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө

 Ничке-Сай айыл аймагында №30 ЖТИ ишканасынын тарабынан кышка карата аткарган иштери боюнча ЖТИ №30 ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

Токтом кылат:

1.    Ничке-Сай айыл аймагында №30 ЖТИ ишканасынын тарабынан кышка карата жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.

2.    Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы №30 ЖТИ ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаевге милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Эрмекбаев