Редакцияот 13.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

 

2020-жылдын 13-февралы № 18/3(г)

“Агро комитеттин сунушу жөнүндө ”

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кум айылындагы чарбалык насосту(“СОЗОК”,”41”) калыбына келтирүү үчүн тиешелүү мекеме-уюмдар менен биргеликте айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин

3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.

5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Эшалиев