Редакцияот 22.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 22-октябры № 1

 

Сары-Талаа айылындагы стадионго жабык бассейн куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын I токтому

 

Сары-Талаа айылындагы стадионго жабык бассейн куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берип , мөөнөтү аяктагандан кийин курулган имаратты өкмөттүн балансына өткөрүп берүү жана жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жөнүндөгү Сары-Талаа айылынын тургуну А. Сувановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Талаа айылындагы стадионго жабык бассейн куруу үчүн узундугу 35 метр туурасы 12 метр жерге инвесторлор тарабынан каржыланып курулуп, 5-жылга убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2. А. Суванов менен жерди убактылуу пайдалануу жөнүндөгү келишим түзүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет, экономика , инвестиция жана финансы маселелери комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

А.Саттаров