Редакцияот 26.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2019-жылдын 26-ноябры № 10/5

Ала-Бука айыл аймагындагы балдар спорт мектебинин бокс залын капиталдык ондоп түзөө жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндө

 Ала-Бука айыл аймагындагы балдар спорт мектебинин бокс залын капиталдык ондоп түзөө жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндөгү Айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Ала-Бука айыл аймагындагы балдар спорт мектебиндеги бокс залды ондоп түзөө жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо ишин жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын эсебинен 31 11 беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.

2.    Керектүү акча каражатын жергиликтүү бюджетинин 22 15 беренесинен берүү айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

А.Саттаров