Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин ХХVII-чакырылышынын 31-сессиясы

 

2020-жылдын 18-февралы № 1

Кыргыз республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А Акматовдун жазма буйругун кароо жөнүндө

 Кыргыз республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А Акматовдун жазма буйругун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башчысы Ч Төлөнованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 31-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Момбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөнованын маалыматы эске алынсын.

2.    Ауидиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге тийиштүү чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.

3.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384-токтомунун талаптары толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.

4.    Негизги каражаттарга толугу менен инвентаризация өткөрүү менен жаӊы бүткөн имараттарды бухгалтердик эсепке алуу жагы финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

5.    Жайыт бирикмесинин бюджети 2017-2018-жылдар үчүн бекитилбегендигине байланыштуу Жайыт комитетинин төрайымы К Төлөновага мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.

6.    Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын максаттары жана принциптери толук аткарууга алуу жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т Эгембердиевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.

7.    Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.

8.    Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кенешинин төрагасы

Т.Стамбаев