Редакцияот 27.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VIIчакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы

 

2020-жылдын 27-январы № 154

 

Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоорлорду бекитип берүү жөнүндө.

 Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоорлорду бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган №1 тиркемедеги долбоорлор жалпысынан жактырылып бекитилсин.

2. Долбоорлорду ишке ашыруу жана долбоорлорду курууга керектелүүчү курулуш материалдары үчүн акча каражаттарын чечип берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Акаев

 

 

Үч-Терек  айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

2020-жылдын 27-январындагы VII чакырылы- 

шынын кезексиз ХХХII  сессиясынын № 154

 токтомуна № 1 тиркеме

 

Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын колдоосу менен 2020-жылда ишке ашыра турган долбоордук сунуштар.

 

№

Долбоордун аталышы

Жалпы катышуучу-нун саны

Каржылоо булагы

1

Көп жылдык бак өстүрүү боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору.

30

 

2

Малдарды асылдандыруу боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору.

30

 

3

Кондитердик азыктарды даярдоо  боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору.

30

 

4

Туризмди өнүктүрүү боюнча окуу курсун уюштуруу долбоору.

30

 

5

Жетиген айылына караштуу Такталык айылына 30м3 таза суу топтолуучу резервуар куруу долбоору.

 

Токтогул райондук атайын эсептен 300000сом.

6

Такталык айылына 3 км аралыктан диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору. (13 көчө таза суу менен камсыз болот).

 

Катар кайрымдуулук фонду тарабынан полиэтилен шлангасы каржыланат.

7

Жетиген айылына караштуу Тар-Туулук сайынан Ак-Жар участкасына 2 км аралыктан диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору.

 

Катар кайрымдуулук фонду тарабынан полиэтилен шлангасы каржыланат.

8

Кызыл-Ураан айылындагы таштанды таштоочу полигондун айланасын бетондоп, темир тор менен тосуу. (60х80=4800м2).

 

Жергиликтүү бюджет 75900 сом.

9

Саргата айылына караштуу Төө - Жүгүн участкасына мал ичүүчү каптаж куруу долбоору. (1,5 км аралыктан).

 

Жайыт комитети тарабынан каржыланат-70000сом.

10

Жетиген айылынын Чым участкасындагы кайрак, дың жерлерди өздөштүрүү үчүн узуну-50м, туурасы 0,5м, калыңдыгы -20см болгон сугат суу үчүн бетон каналын куруу долбоору.

 

Жамааттын салымы -30000 сом.

11

Саргата айылына караштуу Сары -Таш каналынын баш жагына сугат суу бөлүштүрүүчү темир щит орнотуу, бетондоо долбоору.

 

Курулуш материалда-рын 20000 сом жамаат каржылайт.

12

Жетиген айылына  караштуу Бөлөк -Дөбө тоосунун  Тар-Туулук сайынан Арал участкасына чейинки 2,2км аралыктагы менчик айдоо аянттарды, малдын тебелөөсүнөн сактоо максатында  бетондоо, профилдөө,темир тор менен тозуп чыгуу.

 

Жамааттын салымы-70000сом, айыл өкмөт жергиликтүү бюджеттен 50000 сом.

13

Жетиген айылына караштуу Арал участкасынын Жинди-Булак булагынан 1,2 км аралыгынан  диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору.

 

УИТ муниципалдык ишканасынан-20000 сом, жамааттын салымы-51000 сом.

14

Жетиген айылына караштуу Бегет арык каналынын авариялык абалдагы 60 метр аралыгын  бетондоо.

 

Жергиликтүү бюджеттен 1 тонна цемент, курулуш материалдары үчүн  жамааттын салымы- 12000сом.

15

Кызыл-Ураан айылына  мал камак куруу. Узуну-40м, туурасы-30м, фундаменти -40см.

 

УИТ муниципалдык ишканасы, жамаат, айыл өкмөт.

16

Саргата айылындагы жайгашкан 3 даана  жашоочуларды сугат суу менен камсыз кылуучу  суу топтолуучу (БСР) нооту бетондоо, таш тизүү, тазалоо долбоору.

 

УИТ муниципалдык ишканасы-20000сом, жамаат-10000 сом.

17

Үч-Терек айылындагы таштанды таштоочу жайдын (полигондун) айланасын  100м х 100м=10000м2

 

 

18

Жетиген айылындагы Бөрү-Дөбө участкасына 300 метр аралыктан  таза суу түтүкчөсүн тартып келүү долбоору.

 

 

19

Жетиген айылындагы Жапа-Булак таза суу кампасына узуну 1,5 км, туурасы -45см, тереңдиги 1,40 см  аралыктан  кол күчү менен кошумча суу түтүгүн диаметри 75 полиэтилен шлангасы менен тартып келүү долбоору.

 

УИТ муниципалдык ишканасы, жамаат- 90000 сом.

 

20

Саргата айылынын  Осмон-Ата участкасына мал жуут куруу долбоору.

 

Жамааттын салымы -30000 сом.

 

Жалпы: