Редакцияот 28.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2018-жылдын 28-февралы № 2/15

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Карабаевдин кайрылуусу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ийри мүйүздүү малдарын элетрондук базага жайгатыруу жана кириш-чыгышын компьютерлештирүү керек экендигин Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ийри мүйүздүү малдарын элетрондук базага жайгаштыруу жана кириш-чыгышын компьютерлештирүү керектигине айыл өкмөттүн ветеринардык адиси А.Карабаевге кошумча электрондук базага жана кириш-чыгышын жүргүзүү жуктөлсүн.

2. А.карабаевдин базалык жана электрондук кызмат чыгымы айыл өкмөттүн эсебинен 20000(жыйырма миң) сом P-70111 ст.2215 кызматтык акы катары төлөнуп берилсин.

3. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ветеринардык адисине кызматтык акы төлөө айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Р.Шамырзаевага жүктөлсүн.

4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бджет жана каржы комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Т.Мавлянов атындагы

Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

З.Айтмаматов