Редакцияот 06.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2019-жылдын 06-августу №2/1

Жазгы талаачылык иштер боюнча, айыл чарба маселелери жөнүндө.

Жазгы талаачылык иштер боюнча айыл чарба маселелери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Абдырахмановдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жазгы талаачылык иштер боюнча айыл чарба маселелери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Абдырахмановдун берген маалыматы эске алынсын.

2.    Дыйкандарга жаны сорттогу эгиндердин уруктарын таап элге сунуштоо жагы жер адиси А.Абдырахмановго жүктөлсүн.

3.    Аталган токтомдуwww.koshbobo.aksy.kgрасмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

 

Т.Мавлянов атындагы

Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

З.Айтмаматов