Редакцияот 17.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

2019-жылдын 17-июлу № 2

 “Кудайбердиев Мусанын наамын берүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Кудайбердиева Райкандын кириш № К-219 сандуу 17.07.2019-жылдагы айылдык кеңешке жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

1.    Калмак-Кырчын айылындагы мектептин күн батышындагы акыркы көчөгө Кудайбердиев Мусанын наамы ыйгарылсын.

2.    Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Кудайбердиев М. балдарына жүктөлсүн.

3.    Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевге жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы:

Ч.Тайгараев