Редакцияот 19.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2019-жылдын 19-августу № 6

 “А.Осмоналиевдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы,Таран-Базар айылынын тургундарынын 17-август 2019-жылдагы протоколун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ:

1.    Таран-Базар айылындагы Абдукааров Аскарбектин үйүнөн Көк-Арт дарыясына чейинки сайдын жолуна Осмоналиев Абдималиктин наамы берилсин.

2.    Наам берилген жолду оңдоп түзөө, таштандылардын тазалыгын көзөмөлдөө жагы А.Осмоналиевдин балдарына жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы:

Ч.Тайгараев