Редакцияот 27.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2019-жылдын 27-декабры № 3

 “Тапаев Токонун наамын көчөгө берүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы,Калмак-Кырчын айылындагы Капсогор усаткасынын тургуну Тапаев Уландын кайрылуусунун жана Капсогор участкасынын элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат

 

ТОКТОМ:

1.    Капсогор участкасындагы көчөгө Тапаев Токонун наамы берилсин.

2.    Көчөнүн башынан аягына чейин ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо жагы Тапаев Токонун. балдарына жүктөлсүн.

3.    Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А Кеңешбаевге жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы:

Ч.Тайгараев