Редакцияот 27.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2019-жылдын 27-декабры № 7

“Бабаев Ибраимдин наамын көчөгө берүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Бабаев Космостун кайрылуусунун жана Калмак-Кырчын айылынын 14-ноябрь 2019-жылдагы элдик жыйынын протколунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат

 

ТОКТОМ:

1.    Калмак-Кырчын айылында жайгашкан О Тажибаев мектебинин күн батыш тарабындагы экинчи көчөгө Бабаев Ибраимдин наамы берилсин.

2.    Көчөнү ирээтке келтирип жана номер тагып, кароо Бабаев Ибраимдин балдарына жүктөлсүн.

3.    Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А Кеңешбаевге жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы:

Ч.Тайгараев