Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 5
Совет айылында жайгашкан №33 “Айшоола” балдар бакчасынын ижара акысы жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Совет айылындагы №33 “Айшоола” балдар бакчасына ата энелерден топтолгон эки жүз сом акча каражаты №33 “Айшоола” балдар бакчасында 2019-жылдын 19-декабрь айында өткөрүлгөн жыйындын протоколу менен кабыл алынган токтомго ылайык үйдүн ижара акысына бекитилип берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | И.Каипов |
|