Редакцияот 05.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

 

2020-жылдын 5-марты № 22/3

 2020-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине жана Кербен шаарынын мэринин 22.01.2020-жылдагы № 3-34/35 сандуу билдирүүсүнө негиз, Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Ыманбай уулу Бакыттын жана Кербен шаардык Кеңешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновдун маалыматтарын карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2020- жылга Кербен шаарынын бюджети

- киреше боюнча – 44669,4 мин сом ;

- чыгаша боюнча - 44669,4 мин сом ;

- атайын каражат – 6411,7 мин сом суммасында бекитилсин.

2. 2020-2021-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

Кирешелер боюнча: 2021- жылга – 54550,4 мин сом суммасында

                              2022-жылга – 56743,4 миӊ сом

Чыгашасы 2021- жылга - 54550,4 мин сом суммада

      2022-жылга – 56743,4 миӊ сом

2021-2022-жылга жактырылган Кербен шаарынын бюджетинин болжолдуу

параметрлери алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.

3. 2020- жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1, атайын каражат

№ 3 жана 2021- 2022- жылдарга болжолу № 4,№ 5 тиркемелерге ылайык жергиликтүү салыктардын булактары, мамлекеттик чегерүүлөр жана башка жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.

4.2020- жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат

№ 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

5. 2020- жылдын 1-январына бюджеттен калган калдык 11184,6 миӊ сом суммасында эсептелип, № 6 тиркемеге ылайык иш-чаралар каржылансын, анын ичинен өзгөчө

кырдаалдардын алдын алуу ,кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш

чараларга - 200.0 мин сом,инвестициялык долбоорду колдоого-3000,0 миң сом,

аксакалдар сотун материалдык, техникалык колдоого-75,0 миң сом бөлүнсүн .

6. 2020-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган 445,3 мин сом суммадагы

калдык толугу менен бала бакчалардын муктаждыктарын чечүү үчүн жумшалсын.

7.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча

( эмгек акы , соц.фонд, тамак аш, медикамент) жүргүзүлсүн.

8. 2020-жылдын 1-январына карата шаардын бюджети боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча- 100,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.

9. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык, жалпы Кербен шаарынын

бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө 446,8 мин сом

эсебинде резервдик фонд түзүлсүн, анын ичинен 70 пайызы – 312,8 миӊ сом – мэр

тарабынан , 30 пайызы – 134,0 миӊ сом шаардык Кенештин чечими менен аткарууга

алынсын жана резервдик фонд Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча

башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап

кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык – маданий жана

экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлорун багыттуу

каржылоо белгиленсин.

10. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын

юблейлерин каржылоого тыюу салынсын.

11. Кербен шаарынын мэри жана ФЭБ башчысына, смета боюнча шаардык Кенешке бөлүнгөн каражатты башкаруу, тескөө Кенештин төрагасы тарабынан аткарылары жана ички бухгалтериялык документтер төраганын колу менен бекитилери эскертилсин.

12. Кербен шаарынын мэриясы :

-бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;

-бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана аны аткарууну туруктуу комиссия төрагалары менен бирдикте жүргүзүшсүн;

-Финансылык тартипти чындоо боюнча КР бюджеттик мыйзамдарын аткарууну

камсыз кылсын;

- Кербен шаарынын мэриясына 2020-жылдын жарым жыл ичинде, калкты тейлөөдө

ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында «бирдиктүү терезе» принцибин камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин;

- 2019- жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча алты айдын жыйынтыгы менен Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин отчету

сессияда угулсун.

- Жергиликтүү бюджеттин эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражат эсебинен кызматкерлердин жараткан ийгиликтерин эске алып сыйлык катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

- Мэриянын алдында түзүлгөн Ак-Элечек энелер тобунун сапар чыгымдарына колдоо көрсөтүү жагы сунушталсын.

14. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык

юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

15. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу

комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы

Н.Шадыбеков

 

 

Тиркеме № 1

  Кербен шаардык Кенешинин 2020-жылдын

  5-мартындагы № 22/3 токтому менен бекитилген

 

  2020-жылга Кербен шаарынын бюджетинин кирешеси

 

 

 

 

 

 

 

Берене лер

Беренелердин  аталышы 

Миӊ. сом

Анын  ичинен квартал боюнча

 

 

 

 

I-кв

II-кв

III-кв

IV-кв

 

анын ичинен 

 

 

 

 

 

11111100

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

27 711,0 

7 163,3 

7 204,7 

6 928,0 

6 415,0 

11121100

Пайда  үчүн  салык

67,0 

18,3 

16,2 

18,3 

14,2 

11122

Патенттик негиздеги киреше салыгы

4 140,0 

1 056,4 

1 059,1 

1 105,0 

919,5 

11122100

Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттүү  патент)

640,0 

167,4 

166,4 

160,0 

146,2 

11122200

Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент)

3 500,0 

889,0 

892,7 

945,0 

773,3 

11123100

Атайын каражат эсебинен каралган бюджеттик мекемелерине салык

0,0 

 

 

 

 

11311200

Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык

286,0 

137,5 

71,2 

62,9 

14,4 

11312120

Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

2 710,0 

382,7 

542,0 

1 785,3 

 

11321100

Короо  жанындагы  жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

1 961,3 

470,6 

490,3 

1 000,4 

 

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

408,5 

81,5 

102,3 

94,0 

130,7 

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

2 700,0 

945,0 

795,5 

675,0 

284,5 

11412100

Сатуудан  салык

3 115,0 

806,7 

809,8 

788,1 

710,4 

11442440

Ичүүчү  жана техникалык суулар

11,0 

2,3 

3,1 

3,3 

2,3 

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы

50,0 

12,3 

16,7 

11,2 

9,8 

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы

343,0 

 

119,0 

84,0 

140,0 

14152200

Жайыт  ижарасы  үчүн  акы

326,6 

32,6 

65,3 

81,6 

147,1 

14152600

Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө

340,0 

68,0 

85,0 

85,0 

102,0 

14224200

Таштандыларды  чыгаруу  үчүн  жыйналуучу  жыйым

500,0 

500,0 

 

 

 

 

Бардык жергиликтүү киреше

44 669,4 

11 677,2 

11 380,2 

12 722,1 

8 889,9