Редакцияот 05.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессия

 

2020-жылдын 5-марты № 22/8

Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк жана курулуш бөлүмүнө убактылуу оператор штатын кармоого макулдук берүү жөнүндө.

     Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаарынын мэринин 21.02.2020-жылдагы № 3-34/135 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин бюджет,финансы,пландоо жана арыз даттануулар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 25-февралындагы № 69 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Кербен шаарындагы идентификацияланган үй жандыктарын мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик жана курулуш бөлүмүнө 1 жылдык мөөнөт менен 1 (бир) штат бирдигин киргизүүгө макулдук берилсин.

2.    Бул убактылуу берилип жаткан штат бирдигинин мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевге жүктөлсүн.

3.    Кербен шаардык Кеӊешинин 18.12.2019-жылдагы кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын 21/3 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.

4.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жагы шаардык Кеӊештин финансы , бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго тапшырылсын

 

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы

Н.Шадыбеков