Редакцияот 06.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясынын

 

2019-жылдын 6-августу № 7

Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын айылга таза суу тартуу максатында диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр полиэтилендик суу түтүкчө алуу жөнүндөү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIIсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр политэтилендик түтүкчө алуу үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.    Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.    Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кенешинин төрагасы

 

Ажакматов И.К.