Редакцияот 22.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-марты № 01-5/225

 

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбызды кошумча суу менен камсыз кылуу жөнүндө

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIVсессиясы, бүгүнкү күндөгү « коронавирус » илдетинин кооптуулугунун абалына карата, киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбызды кошумча түшкү саат 12-00дон 14-00го чейин суу менен камсыз кылууну, депутат Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичтин сунушун угуп жана талкулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичтин сунушу эске алынсын.

2.    2020-жылдын 21-мартындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, калкты кошумча түшкү саат 12-00дон 14-00го чейин суу менен камсыз кылууну, « Кыргызнефтегаз » ААКнун суу башкармалыгынын башчысы К.Абдразаковго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Р.Бостоновго жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төраганын милдетин аткаруучу

Я.Т.Абдурахманов