Редакцияот 26.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

 Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырышынын кезексизжыйырма жетинчи сессиясы

 

2019-жылдын 26-июну №27/6

 Жайыт комитетинин тескөөсундөгү АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу алынган МТЗ-82-1 маркасындагы тракторду иштетүүнүн тарифтик планын 2019-жыл үчүн бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-июнундагы корутундусуна ылайык, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жайыт комитетинин тескөөсүндөгү АРИСтин ПРЖР-2долбоору аркылуу алынган МТЗ-82-1 маркасындагы тракторду иштетүүнүн тарифтик планы 2019-жыл үчүн төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 Чөп чабуу 1га жер үчүн 1500 сомдон

 Чөп тырмоо 1га жер үчүн 1000 сомдон

 Чөп таңгактоо 1 даанасы 14 сомдон

 Жер айдоо 1га Суулуу жер- 3000сомдон

 Кайракы жер- 2500сомдон

2.    Ушул түшкөн акчанын 10%ти механизатордун 10%ти диспетчердин эмгек акысы үчүн берилсин.

3.    Бекитилген тарифтик пландын негизинде атайын кириш-чыгыш сметасын түзүп чыгып. Айылдык кеңешке бекиттирүү Жайыт комитеинин төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шырдаков