АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 31-июлу №28/1
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун отчету жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун отчетун угуп жана талкуулап жана айылдык кеңештин «Социалдык» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 29-июлундагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун отчету жөнүндөгү айылдык кеңештин «Социалдык» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 29-июлундагы корутундусу көңүлгө алынсын.
2. Бул туруктуу комиссиялардын корутундусунда белгиленген тыянактар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдыраманов тарабынан аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |