Редакцияот 31.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

 Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сегизинчи сессиясы

 

2019-жылдын 31-июлу № 28/2

Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги техникалардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө

Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 29-июлундагы корутундусуна ылайык, сессия

токтом кылат:

1.    Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги техникалардын максаттуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана Жайыт комитети талаптагыдай иш жүргүзбөй жаткандыгы белгиленсин.

2.    Техникалардын пайдаланылышы талаптагыдай жөнгө салуу үчүн«Укук, мыйзам жана этика» жана «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 29-июлундагы жалпы отурумунун протоколундагы чагылдырылган тыянактар аткарууга алынсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына ( Жолдошов К, Тургуналиев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шырдаков