Редакцияот 09.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 9-июну № 5

 Муниципалдык дүкөн курууга уруксат берүү жөнүндө

 Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковдун маалыматы эске алынсын.

2. Шамалды-Сай айылы Ленин көчөсүндө жайгашкан № 26 Т.Анаркулов мектебинин эски имаратынын ордунан жолдун жээгинен 120 метр аралыкка калкка кызмат кылуучу муниципалдык дүкөн курууга уруксат берилсин.

3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов